Биз менен байланышыңыз

Ошто кыргыз милициясынын 94 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 660 | 0

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын 94 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Анда шаар мэри Таалайбек Сарпашов жана ички иштер башкармалыгын жетекчиси Мурат Боронов милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди куттукташты. Аларга Ардак грамота, медаль жана акчалай сыйлык тапшырышты.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, прокуратуранын жана элчиликтин өкүлдөрү да келип куттуктап кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM