Биз менен байланышыңыз

«Илмиянов стресстен улам жалгыздыкты тандады»

Саясат | 31 Окт 2018 | 1069 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында бир кишилик камерага которулду. Ал коомчулуктун көңүлүндө болгондуктан өзүнчө кармалышы боюнча күдүк ойлор жаралды. Абакта саясатчылардан тышкары карапайым жарандар да бар. Алардын арыз-муңу, акыбалынан Кыйноолорго каршы улуттук борбору кабар алат. Аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов суроолорубузга жооп берди.

Марал: Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында бир кишилик камерага которулушуна эмне себеп болду деп ойлойсуз? Сизди бул маселе ойлонттубу?

Нурдин Сулайманов: Негизи бул маселени мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусунун арызынын негизинде караганбыз. Анын үстүнө, Илмияновдун кармалышы коомчулуктун көңүлүндө болуп турганын да эске алып, жеке өзү менен сүйлөшүп чыктым. Ал эч кандай арыз-муңу жок, физикалык, психикалык басым болбогонун айтты. Мен да анын жеке камерага которулушуна кайсы бир себепти көрбөй жатам. Болгону ал стресс болуп эле жалгыз отурганды каалап жатат ко деп ойлоп жатам. Себеби камалган киши сөзсүз стресс болот.

Балким мен жаңылып жаткандырмын, бирок бүгүнкү күндө коопсуздук маселеси, коркунуч болуп жатат дегенден алысмын. Эми ал жер 1500 киши жүргүдөй Жаза аткаруу кызматынын колониясы эмес. Ал жерде 40-50 киши бар, бири-бири менен сүйлөшкөнгө, телефон колдонгонго да мүмкүнчүлүк жок, тартип күчтүү. Ошону менен бирге жашоо-шарттары дагы эл аралык стандарттарга жакын.

Марал: Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору кандай критерийлер менен кабар аласыздар?

Нурдин Сулайманов: Арыздын негизинде, телефон аркылуу жашыруун кайрылуу болушу да мүмкүн. Өзүбүз дагы массалык маалымат каражаттарында кабар жарыяланып калса, коомчулуктун көңүлү бурулуп жаткан учур болсо барып кабар алабыз.

Марал: Учурда бир топ чуулгандуу иштерге катыштыгы бар деп айыпталып аттуу-баштуу саясатчы, жетекчилер камакта. Кимдерден кабар алдыңыздар?

Нурдин Сулайманов: Дээрлик эч кимисин калтырган жокпуз. Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков, Айбек Калиев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Илмиянов жана башкалар.

Марал: Ал жердеги карапайым адамдардын да акыбалы суралдыбы?

Нурдин Сулайманов: Албетте. Мисалы, УКМКнын тергөө абагында 40ка жакын киши бар. Өткөндө депутаттар менен чогуу киргенбиз. Ар бир камерага кирип карап чыгабыз. Бетме-бет отуруп сүйлөшүүнү каалагандарга да жалгыз отуруп баарлашабыз. ИИМдин системасындагы убактылуу кармоочу жайларда бардык камераларды кыдырып чыгабыз.

Марал: Кыйноолор болуп жатканы байкалабы?

Нурдин Сулайманов: Тилекке каршы, кыйноолор болуп жатат. Азыр мамлекет көптөгөн жакшы кадамдарды жасап жатат. Бирок менин оюмда жетиштүү, эффективдүү натыйжа боло элек.

Марал: Ал жердеги шарттар боюнча эмнелерди айта аласыз? Бир камерада канча киши кармалат?

Нурдин Сулайманов: Ашып кетсе 24 кишиден кармалат. Бир адамга 3,25 квадрат метр аянт болушу керек деген талап сакталат. Мен улуттук борбордо 5 жылдай иштеп жатам, жашоо шарттар боюнча нааразылык болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM