Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдүн акциялары боюнча “Кыргызалтын” жооп берди

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 951 | 0

Кумтөр кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» компаниясы акцияларды сатуудан мурда өкмөт жана “Кыргызалтын” ишканасы менен сөзсүз түрдө макулдашат. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Shadong Gold кытай компаниясынан Кумтөрдүн акциясын сатып алуу сунушу түшкөн. Ал эми Центерра коомго ачык компания болгондуктан, үчүнчү тараптан түрдүү мүнөздөгү сунуштарды кабыл алуусу кадимки көрүнүш экендиги маалыматта айтылган.

Центерра өзүнүн расмий катында, кандайдыр бир сунуш келген болсо, сөзсүз түрдө кыргыз өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен макулдашарын билдирген.

Белгилей кетсек, Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 26,6 пайызды түзөт.

Кыргызстан эки жылдан бери «Центеррадан» дивидент ала элек

Copyright © 2017 Maral FM