Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эки жылдан бери «Центеррадан» дивидент ала элек

Күн чекит | 30 Окт 2018 | 1004 | 0

Кыргызстан соңку эки жылдан бери «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан Канадалык Centerra Gold Inc.  компаниясынан дивидент ала элек. Буга Кыргызстан тарап нааразычылыгын айтып каршы болуп келет. Анткени бюджетке түшкөн каражаттын көрсөткүчү азайып баратат. Ушул маселенин айланасында «Күн чекит» программасында Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрага орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков менен маектештик.

“Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн  узартып эле келе жатат. Башкы маселе эмнеде?

Бул өтө татаал маселе болуп калды. Себеби көйгөй экономика менен байланышпай, сот процесстери менен гана болуп калды. Келишимге өкмөт экономикалык маселени чечебиз деген таризде кол коюшкан эле. Анда бир канча көрсөткүчтөр каралган. Мисалы, жер кыртышын калыбына келтирүүгө 60 млн доллар акча түшүшү керек. Анын 23 млн долларын Канададан Кыргызстанга алып келүү камтылган. Андан сырткары, сот процесстерин калыбына келтириш үчүн көзөмөлгө 50 млн доллар бөлүү, онкологиялык борборду салууга 10 млн доллар. Ошону менен баш аягы 169 млн доллар бюджетке келип түшүүсү керек эле. Бирок келишим төртүнчү жолу узартылып отурат. Бул жолу келишимдин мөөнөтү 2-ноябрда бүтөт. Анткен менен өкмөттүн маселени чечүүгө бараарынан күмөн санайм. Анткени жагдай саясатташып кетти.

Демек, төрт айдан бери бюджетке ири суммадагы каражат келип түшпөй жаткан болсо, бул маселе кандай  чечилиши керек?

Коомчулук, оппозициялык көз караштагы адамдар дагы экономикага байланышкан маселени көтөрүп чыгуулары мүмкүн. Мисалы, «Сот процесстери жүрүп жаткан учурда биз 7 млрд сомго доо койдук эле, силер болгону сот процесстерин жөнгө салууга 50 млн доллар алып жатасыңар. Ал 3,5 эле млрд сом болуп калат. А калган 3,5 млрд доллар каякта?»- деген суроо туулат. Ошондуктан эң биринчи ушул суроолорду чечип алуу керек. Чечүү жолдорун биздин ассоциация дагы бир канча жолу берген. Анын бирөөсү 2009-жылдан бери Centerra Gold Inc  компаниясы чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча жалпы түшкөн кирешенин 13 пайызын бюджетке, 1 пайызын Ысык-Көл фондуна которуп берип жатат. Ошого дагы кошумча төрт пайыз чалгындоо иштерине деп талап кылуу керек. Бирок биздин адистердин тажрыйбасыздыгынан  200 млн доллар түшпөй калып жатат. Аны бюджетке түшүрсөк, коюла турган маселени чечүүнүн жолу болмок. Буга кошумча Центерра карьердин структурасын өзгөртөбүз деп жердин астына 40 тоннадай алтынды калтырып коюшту. Биз бул маселе боюнча суроо узатсак, кийин жердин алды менен казуу ыкмасы киргенде гана алабыз деп коюшту. Ушул маселени дагы компанияга кабыргасынан коюшубуз керек эле. Ошондо сот процесстерине тиешелүү маселелерди акчалай чечип эки жакты тең ыраазы кылат элек.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM