Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыядагы аба майданын оңдоого 450 мнл сом керектелет

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 664 | 0

Кызыл-Кыядагы жараксыз турган аба майданды оңдоп-түздөөгө 450 млн сом керектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропортун реконструкция маселеси өкмөттүк деңгээлде каралганы айтылат. Анын негизинде оңдоп-түздөө иштерине 450 млн сом каражат кетет.

Белгилей кетсек, аэропорт 1974-жылы ачылып, 1998-жылы белгисиз себептерден улам жабылып калган. Шаардын 50 миңден ашуун тургундары Ош шаарындагы аэропорттун кызматын пайдаланып келген.

Copyright © 2017 Maral FM