Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 100 миң сомго чейин пенсия алгандар бар

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 748 | 0

Өлкөдөгү минималдуу жана максималдуу пенсиянын өлчөмү айтылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эң төмөн өлчөмүндөгү пенсия 1 миң сомдон башталып, 100 миң сомго чейин болот.

Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылдын башына карата берген маалыматы боюнча, өлкөдө пенсия курагындагы 448 миңге жакын адам бар.

Copyright © 2017 Maral FM