Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык шахматчылар дүйнө биринчилигине катышты

Кыска кабар , Спорт | 31 Окт 2018 | 905 | 0

Грециянын Халкидики шаарында өтүп жаткан шахмат боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан алты шахматчы катышты. Алардын арасынан эң жакшы көрсөткүч Бегимай Заирбек кызына таандык. Ал 18 жашка чейинкилер арасында ойноп, 11 оюндун алтоосун жеңген. Ал жалпы жыйынтык боюнча 83 катышуучунун арасында 31-орунду алды.

18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында күч сынашкан Кайратбек Абылкасымов 4,5 упай менен 80-орунду ээледи.

Ал эми 16 жашка чейинкилер арасында катышкан Адил Шаршембиев 5 упай менен 82-орун, Айпери Майрамбекова 74-орунга татыды.

Ошондой эле, 14 жашка чейинки шахматчылар арасында кыргызстандык Нурсултан Сакибаев 105-орунду алса, Асел Алтынбек кызы 99-орунга жетишти.

Copyright © 2017 Maral FM