Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Жээнбеков 150 миң $ кайдан келгенин билбеши да мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2018 | 690 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 150 миң доллар каражат кайдан келгенин билбеши да мүмкүн. Себеби ал шайлоого КСДПнын штабы менен катышты. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акча кайдан келгенин билгендер президенттин тегерегинде эмес. Икрамжан Илмиянов баш болгон адамдар Жээнбековдун атын сатып, чогулган акчаны сол чөнтөккө салган.

«Ошондуктан Жээнбеков жакындарын чогултуп жаңы штаб түздүбү деген ой келет. Былтыр Жээнбеков альтернативалык штабды түзгөнгө мажбур болгону тууралуу маалымат тараган. Жээнбеков Илмиянов менен түздөн-түз иштеген жок. Бирок кандай киши экенин билип жүргөн болсо керек», — дейт Акматалиев.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Ал эми Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM