Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Илмияновдун ишин териштирсе көп нерсе чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2018 | 526 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши өтө кызык болуп жатат. Териштирсе көп нерсе чыгат. Анткени шайлоодо көп каражат жүрүп, акчанын тегерегинде бир топ адамдар болот. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө партиялык система, шайлоо фонддор боюнча мыйзамдар чийки болуп жатат. Шайлоо кодекси боюнча шайлоо фондун президент өзү түзүп башкарары айтылганы менен иш жүзүндө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шалоого командасы жок барган.

«Инаугурациясын да Атамбаевдин командасы өткөрүп берди. Ошол кезде да Илмиянов Атамбаевдин жакыны болду. Эми Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алганын далилдеш керек. Эгер ал алган каражатты шайлоо фондуна өткөрүп берген эмес болсо, соттолуп кетиши мүмкүн. Эгер берген болсо анда 150 миң долларды кайсы физикалык же юридикалык жактан алынганы каралат», — дейт Акматалиев.

Ал кошумчалагандай, демократиялык эмес бийликтин учурунда Илмиянов сыяктуу кадрлар чыгып, көмүскөдө саясат жүрөрү далилденүүдө.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM