Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын кайсы элчиликтери элчиси жок иш алып барат?

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 1171 | 0

Кыргызстандын кайсы элчиликтери элчиси жок иш алып барары маалым болду. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Түштүк Корея, Индия, Япония, Өзбекстан, Малайзия жана Ооганстан жана Азербайжан мамлекеттеринде Кыргызстандын элчилери жок. Ооганстанда оор жагдайга байланыштуу элчи дайындала элек, бирок убактылуу ишенимдүү өкүлү бар. Ал эми Малайзия боюнча түшүндүрмө берилген эмес.

Төмөндө өлкөлөрдөгү мурдагы элчилердин ысымдары жана алардын кызматтан бошотулган датасы көрсөтүлгөн.

Өлкө

Элчи

Дата

Түштүк Корея

Кылычбек Султан

12-октябрь 2018

Индия

Самаргүл Адамкулова

7-март 2018

Япония

Чыңгыз Айдарбеков

17-октябрь 2018

Өзбекстан

Данияр Сыдыков

5-март 2018

Азербайжан

Айжигит Буранов

5-июнь 2017

 

Copyright © 2017 Maral FM