Биз менен байланышыңыз

Илмияновдун иши: Президентке кыр көрсөткөн КСДП

Саясат | 30 Окт 2018 | 998 | 0

Бүгүнкү күндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы козголгон кылмыш ишинин жаңы жагдайлары айтыла башталды.  КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айтты. 

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп таратты. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда ошол кезде штаб башчынын орун басары болгон Икрамжан Илмияновго «Дизель комплект» компаниясы тарабынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү «демөөрчүлүк жардам» берилгени боюнча маалымат айтылды.

«Илмиянов же башка адамдар тарабынан аталган сумма КСДПнын ишмердүүлүгүн колдоо үчүн деп берилди беле?» — деп жазылган УКМКнын катында.

Ал эми партия болсо  2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдады.

Шайлоого даярдыкты, анын ичинде каржылык маселелердин баарын талапкер жана анын штабы түздөн-түз чечкен. Мыйзамга ылайык, талапкер өзүнүн шайлоо штабын жана шайлоо фондун түзөт. Саясий партиялар анын ичинде КСДП да президенттикке талапкердин шайлоо штабына жана шайлоо фондуна кийлигише албайт. КСДП шайлоого деп «Дизель комплекттен» же башка бир адамдардан акча алган эмес. 

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты азырынча бул маалыматка байланыштуу үн ката элек.

Көп өтпөй эле УКМК партиянын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеменин маалыматында, азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат. Бул тууралуу аталган органдын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

-Икрамжан Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар. Ал тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатат.

Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев «Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат» деген мазмундагы кабарларды жокко чыгарган жана аны  чагым катары баалаган. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Илмияновдо көп купуя маалыматтар бар экенин белгилеп, аны менен тергөөчүлөр кызматташууга кызыктар деген ойдо.

-Бүгүнкү күндө Икрамжан Илмиянов көптөгөн купуя маалыматтарды билет. Кандай купуя маалымат болсо, ошонун баары ачыкталуусун эл күтүп жатат. Эгерде билген жашыруун маалыматтарды Илмиянов айтып берсе, өлкөдө тазалануу болот.

Ошол кезде КСДП партиясы көрсөткөн талапкердин шайлоо боюнча түзүлгөн штабын Фарид Ниязов жетектеген. Анын орун басары болуп Илмиянов турган. Көтөрүлүп жаткан маселе боюнча Фарид Ниязовдон комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев эгерде тергөө органдары мыйзамдын чегинде иштесе каражаттын дайыны чыгат деп эсептейт.

-Маселенин үстүндө укук коргоо органдары ачык иштеши керек. Алар Жээнбековго да, Атамбаевге да тийип калбасын дебей мыйзамдын чегинде иш алып баруусу керек. Эми айтып жаткан каражат эсепке келип түштү беле же бирөөнүн чөнтөгүнө кеттиби деген суроолор ачыкталса, баары аныкталып калат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, аталган партияда каражатка байланыштуу маселе биринчи жолу козголгон жок. Бул жолу деле айтылып жаткан каражаттын дайыны чыкпай калышы мүмкүн.

-УКМК партияга кат жибергенине караганда каражаттын штабда изи жок болгон. Текшербей туруп КСДПга акча кайда деп кат жибербейт болчу. КСДП партиясына келген каражатар кайда деп биринчи жолу суроо коюлуп жаткан жок. Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков Кытайдын компартиясынан КСДПга 5 млн  келгенин айтып, бирок Фарид Ниязов андай каражат келген жок деп койгон. Кийинчерээк КСДП фракциясына келген акча экен деп айтышты. Бирок фракцияга деле түшкөн эмес. Ошол бойдон ал каражат кайда жумшалганы белгисиз бойдон калган.

Ал арада Илмиянов УКМКнын тергөө абагында өзүнчө камерага которулду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Аталган борборго мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Илмияновду дарыгерлердин чечими менен өзүнчө камерага которуу боюнча кайрылган. Мындан тышкары, аталган борбордун өкүлдөрүнө Илмиянов өзүн жакшы сезип, шарттар боюнча эч кандай нааразычылыгы жок экендигин айткан.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM