Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр агымы: Трамп 5 миң аскерди чек арага жайгаштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 728 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен Пентагон Мексика менен чек арасына 5200 аскерди жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Аскерлер Латын Америкасынан келе жаткан мигранттардын агымын тосуу максатында жайгаштырылууда. Аларга тик учак, курал-жарак жана барьерлер берилет. Бул Американын Сирия менен Иракка жайгаштырган аскерлеринин санынан көп дегенди билдирет. Трамп мигранттарды өлкөнүн коопсуздугун бузуучулар катары сыпаттоодо.

Латын Америкасынан чыккан көчмөндөргө кошулуп кара ниеттүү жана кооптуу адамдар келе жатышат. Артка кайткыла! Болбосо, силерди чек арада аскерлерибиз кутүп алат. Мыйзамдуу жол менен кирүүгө уруксат албай турган болсоңор, эч кимиңерди ичкери албайбыз!”,-деп эскертип келет.

Серепчилердин айтымында, бул шашма аракеттер бийликтин ноябрдын башында болчу шайлоого карата оюну. Болбосо мигранттардын АКШ чек арасына жетүүсүнө кеминде 3-4 апта бар. Америкалыктардын көңүлүн мигранттарга бөлүү менен, Американын мамлекеттик коопсуздугуна чоң зыян келтирүүчү күчтөрдөн сактап калчу жалгыз киши Трамп экенине ишендирүүгө аракет кылышууда.

Ошондой эле Трамп администрациясы менен оппозициялык топтор бул маселени өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын айтып бири-бирин айыптоодо.

Эске сала кетсек, Латын Америкасындагы жакыр өлкөлөрдөн болгон Гондурастан башталып чыккан мигранттардык агымына жолдогу Гватемала жана Сальвадордон адамдар кошулуп олтуруп, саны 5 миңди ашып калды. Алар өлкөдөгү жокчулук, жумушсуздук жана бийликтин зордук-зомбулугунан качып келе жаткандарын айтып, Мексика же Америкадан баш паанек таап, тиричилик кылуу ниетин билдиришет. Көчмөндөр жөө-жалаңдап келе жаткан учүн АКШ чек арасына чейин 1600 чакырымдай аралык бар.

Copyright © 2017 Maral FM