Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Төрт гана мал союлуучу жай эл аралык стандартка жооп берет

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2018 | 861 | 0

Өлкө боюнча 84 мал союлуучу жайдын төртөө гана эл аралык стандартка жооп берет. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анына айтымында, жергиликтүү бийлик ишкерлер менен биргеликте мал союлуучу жайларды курушу керек. Анткени ЕАЭБдин техникалык регламенттери ишке кирип, талаптар күчтүү болууда.

Маалыматка ылайык, малдын ветеринардык күбөлүгүндө анын саламаттыгы, идентификациядан өткөнү боюнча маалымкаттар болушу керек. Малдар тирүү кезинде көзөмөлдөн өтүп, андан соң гана союлат. Ал эми үйдөн союлса мал доктурдун маалымкаты менен келиши зарыл. Базарларда аларды текшерген атайын кызмат бар.

«Мал ээси да жоопкерчиликти сезиши керек. Азыр 2500дөн ашуун мал доктур бар. Айыл өкмөтү, жергиликтүү коомчулук биригип айылга бир мал доктурду бекитип, келишим түзүп иштеши зарыл. Мал доктур да үй-бүлөсүн багат. Андыктан анын эмгек акысын убагында беришсин», — дейт Жумаканов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM