Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: малдын 8 оорусу боюнча дары бекер берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2018 | 4102 | 1

Үй жаныбарларына мамлекеттик программага кирген 8 оору боюнча дарылар бекер берилет. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Шарп оорусу, сибирь жарасы, кутурма, эхинококкоз, койдун күл, бруцеллез жана чума оорусу, уйдун бруцеллез оорусу менен кургак учукка каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт. Бирок жарандар мал доктурлардын кызмат акысын бериши керек.

Жумаканов жогоруда аталган оорулар малдардын арасында катталса эт, сүт азыктары чет мамлекеттерге чыгарылбай өлкө 3 жылга чейин жабылып калышы мүмкүн экенин айтат.

Мындан сырткары, өкмөт дары-дармек алууга жакшы каражат бөлүп, учурда мал жандыктар түрдүү оорулардан алыс экенин белгиледи.

«Ири мүйүздүү малдарды жаз-күз мезгилинде эмдөөдөн өткөрүү зарыл. Шарп оорусуна каршы  дарылар жетиштүү. Ал эми иттер квартал сайын дарыланышы керек. Аларга кутурмага каршы вакцина бекер берилет. Бирок мал доктурга ар бир итти дарылатуу үчүн орточо эсеп менен 35 сом төлөнөт. Бул сумма аймактарга, иттин породасына жараша кымбат болушу мүмкун. Азыр 411 миң ит идентификациядан өтүп көзөмөлдө турат», — дейт Жумаканов.

Анын айтымында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башка өлкөлөрдө чыккан коркунучтар боюнча маалымат алып турат.

«Тамак-аш коопсуздугу, жугуштуу оорулар боюнча маалымат алып турабыз. Азыр транспорттук,  адамдардын миграциясы абдан көп. Андыктан бир жерде чыккан оору бат эле башка жака тарап кетиши мүмкүн. Алсак, ири мүйүздүү малды жабыркаткан оору Нигерияда чыкса кийинки убакта Казакстан, Орусиянын малдарына кирип келди. Бул оорунун дарысы жок. Эгер дарт катталса малдар 90 пайызга чейин өлүп калышы ыктымал. Ал чымын-чиркей, келгин куштар менен тарай берет. Ошондуктан сак болушубуз керек», — дейт Жумаканов.

1 пикир

1 пикир

  1. Дилзора

    25.12.2020 20:40

    Саламатсызбы быки багып атам броосунун муурдунан манкасы токтобойт эмне кылсам болот коркунуч жокпу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM