Биз менен байланышыңыз

Ангела Меркель партия жетекчилигинен кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 825 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель өзү 20 жылдан бери жетектеген Христиан Демократиялык союзу партиясынын жетекчилигинен кетерин жарыялады. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышты.

Меркель партия жетекчилигин тапшырганы менен өкмөт башчылык кызматында 2021-жылга чейин калат. Анын бул күтүүсүз кадамы өлкөдө жана дүйнөдө кызуу талкууларды жаратты.

2015-жылкы иммигранттардын өлкөгө кирүүсүнө байланыштуу саясатына каршы болгон атаандаштарынын күч алуусу жана немец калкынын нааразычылыктары аны бул кадамга барганын божомолдошууда. Бирок узак жылдардан бери Германиянын негизги партиясы болгон партиянын жүзү, жеңишинин символу болгон айымдын дароо эле артка чегинүүсүнө ишенбей жаткандар да четтен чыгат.

Оор кризистик кырдаалдарда дагы токтоолугунан жана оор басырыктуулугунан тайбаган Меркель немецтерге ишеним тартуулап турчу. Бирок акыркы кездердеги ашыкча токтоолук жана үнсүздүгү анын саясаттагы дымагын өчүрүп баратканын серепчилер айтып келишкен.

Оппозиция Меркелдин канцлердик кызматын тапшыруусун да талап кылып келишет. Бирок буга муктаждык деле жок. Себеби партиядан чыкса деле, мыйзам боюнча өкмөт башчы болуп кала алат жана кезектеги шайлоо 2021-жылы өтүүсү керек.  Ал партия жетекчилигин ушул жылдын декабрь айында тапшырат.

Copyright © 2017 Maral FM