Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Ишкерлерге жакшы шарт түзүп жатабыз

Пикирлер | 30 Окт 2018 | 513 | 0

Учурда ири мүйүздүү 1 млн 645 миң мал базада турат. Алардан жыл сайын 600 миңге жакын төл алынат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анына айтымында, жаңы туулган мал 14 күндүк болгондо каттоодон өткөрүш керек. Бирок жайлоого чыгып кеткен малдар кеч каттоодон өтүп калууда. Учурда жеке мал доктурлар менен сүйлөшүлүп биркалар берилип жатат.

Жумаканов мындан тышкары, Казакстанда куш туумоосу чыкканы тууралуу социалдык тармактарга тараган маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

«Бизде тоок баккан ассоциациялар бар. Алар Казакстанда куш тумоосу тараганын расмий жазып беришти. Бул боюнча Казакстандын расмий веторганына 3 жолу кат жибердик. Алар жооп берүүдөн качышты. Төртүнчү катты жазганда да жооп жок болбогондуктан маалымат алганга чейин тоок этин киргизүүгө убактылуу чектөө койдук», -дейт Жумаканов.

Маалыматка ылайык, казак тарап мындай аракеттен соң дароо реакция жасап, куш тумоосу катталбаганын ырастаган. Алар тоок этине кепилдик бергендиктен чектөөлөр кайра алынып салынган.

«Казактар жооп кылып биздин эт менен иштеген 5 ишканага чектөө коюшту. Аларга расмий маалымат берген соң чектөөнү алып коюшту», -дейт Жумаканов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM