Биз менен байланышыңыз

АКШ Башкы прокуратурага 20 миң долларга жабдуу алып берет

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 525 | 0

АКШ Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын окутуу борборуна заманбап жабдууларды берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Бүгүн, 30-октябрда жалпы наркы 20 миң долларга бааланган заманбап компьютерлер, проекторлор жана башка жабдууларды расмий тапшыруу аземи өтөт. Бул жабдуулар 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процессуалдык кодекси боюнча прокуратуранын учурдагы жана жаңы кызматкерлерин окутууга шарт түзөт.

2001-жылдан баштап, баңгизат каражаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү,  жемкорлук жана адам сатуу менен күрөшүүгө көмөктөшүү максатында Кыргызстанга жалпы 25 миллион доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM