Биз менен байланышыңыз

Эмгек кодексине карабаган эмгекчилер көбөйдү

Коом | 30 Окт 2018 | 985 | 0

Кыргызстанда формалдуу эмес жумушту аткарган эмгекчилердин көрсөткүчү  71 пайызга жетти. Мындай маалыматты Эл аралык эмгек уюмунун эл аралык эксперттер менен чыгарган изилдөөсүндө айтылды. Кыргызстанда жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоодо көпчүлүгү мыйзамдуу иштөөгө жумуш берүүчүлөр кызыктар эместигин аталган уюмдун консультанты, профессор Никита Лютов  белгиледи.

Азырынча Кыргызстанда формалдуу эмес жумушту аткаргандардын көрсөткүчү  жогору. Биздин изилдөөгө караганда, 71 пайызды көрсөтүүдө. Биз канчалык эмгекчилер менен жумуш берүүчүлөргө маалыматтарды бербейли, бирок реалдуу жашоодо ал нормалар сакталбай жатат. Формалдуу эмес жумуштун көрсөткүчүн болушунча кыскартышыбыз керек. Болбосо, канчалык мыкты мыйзамдар же эмгек кодекстери болбосун, жумушчулардын укуктары эч жерде сакталбайт жана тажрыйбада колдонулбайт.

Эмгек рыногунда «Эмгек кодекстин» талаптары аткарылбайт. Аларга бүгүнкү күнү Кыргызстан профсоюзу деле толук көзөмөл жүргүзө албайт. Себеби профсоюз кызматкерлери ар бир ишканада жок. Бүгүнкү күнү алардын жалпы саны 750 миңди түзөт. Мындан улам эмгекчилердин укуктары бузулган көрүнүштөр токтобой жатканын Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрайымы Рысгул Бабаева айтты.

Эмгек кодексинде жана Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясында эмгекчилер 8 саат иштеши керек. Бирок азыр ал норма сакталбайт. Айрым тигүү цехтеринде суткасына 16 сааттан иштеген учурлар катталат. Кээде ошол ишканага жатып дагы калышат. Бирок аларга толук көзөмөлдү профсоюз жүргүзө албайт. Бизде Экотехинспекциядай ыйгарым укуктарыбыз жок. Келишим түзүлгөн гана ишканаларга кирип бара алабыз. Ал жерлерде эмгек кодекси толук иштейт деп айта алам.

Бул жагдай социалдык өнөктөштүн жоктугунан  чыгып жатат. Тагыраагы, эмгек кодекси бир гана жумуш берүүчүлөр тараптан эмес, эмгекчилер тараптан дагы бузулууда. Бир катар жагдайларын Жумуш менен камсыз кылуу конфедерация башкармалыгынын төрайымы Эльмира Дунганаев санап өттү.

Бизде социалдык өнөктөштүктө тең салмактуулук жок. Биз эмгекчилердин ден соолугун чыңдашы үчүн фондго 0,25 пайызды которуп жатабыз. Бирок ал акчага жумушчулар эмес, Профсоюз федерациясынын кызматкерлери өздөрү же туугандарын эс алдырып жүрүшөт. Ушул жерде калыстык жок. Буга кошумча жумуш берүүчүлөр эч качан жумушту токтотуп кое албайт. Бирок негедир кызматкерлер каалаган маалында жетекчиге каршы нааразычылык уюштура алышат.

Ошондой эле биздин дагы бир сунушубуз бар. Кызматкер жумушка нааразы болуп чыгып кеткенден кийин ал компанияга конкурент болгон фирмаларга иштөөсүнө тыюу салынуусу керек. Бул дагы жумуш берүүчүлөрдүн ачык айрым иштөөсүн камсыздап бермек.  Болбосо туруктуулук сакталбай жатат. 

Эмгек кодексиндеги талаштуу жагдайлар жана жумуш берүүчүлөр менен эмгекчилер тууралуу так маалыматты алуу сунушун Социалдык өнүгүү министрлиги берген болчу. Себеби азыркы тапта канча жумушчу жана чакан ишкана тууралуу так маалыматтар жок. Мындан улам, изилдөө көмүскөдөгү жагдайларды ачууну шарттай турганын аталган министрликтин эмгек башкармалыгын башчысы Махабат Турдумаматова маалымдады.

Бүгүнкү күнү биз Эл аралык эмгек уюмунун 53 конвенциясын ратификациялаганбыз. Азыр алардын үстүнөн иш алып барып жатабыз. Мындай изилдөөнү жүргүзүү сунушу биз тараптан чыккан. Бирок ар бир тармак өз жумушун аткарып жатканы менен жыйынтыктар байкалбай калып жатат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан  Эл аралык эмгек уюмунун 53 конвенциясын кабыл алган. Андагы принциптер өлкөнүн мыйзамдарына киргизилип, жоопкерчилик тийиштүү органдарга  жүктөлүп келет. Бирок кабыл алынган конвенциялардан деле майнап чыкпаганын  эксперттер айтууда.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM