Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Япониянын тышкы иштер министрлери жолукту

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 633 | 0

Бүгүн, 29-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Японияга иш сапары менен барды. Ал Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында соңку жылдары эки өлкөнүн тең кызыкчылыктары ишке ашып, кызматташуу жакшы жүргөнүнө токтолушту.

Министр Айдарбеков саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми министр Коно кызматташуу демократиялык баалуулук жана принциптердин негизинде жүрүп келерин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Япониянын жаркын келечеги үчүн эки тараптуу кызматташууга ынтызарлыгын көрсөтүштү.

 

Copyright © 2017 Maral FM