Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Атамбаевге чындык жетпей жүргөн

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 522 | 0

«Экс-президент Алмазбек Атамбаевге чындык бүгүн жетип, эми азабын тартып жатат.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин убагында саясаттын баарын Фарид Ниязов, кадрларды Икрамжан Илмиянов башкарган. Экс-президент ошол экөөнө ишенип отурган. Чындык жетпей жүргөн.

«Али дагы далай нерселер чыгат. Атамбаев бийликте турганда ай сайын кирип коомдо болгон нерселерди айтып турчумун. Кийин таасирдүү адамдар Атамбаевди башка нукка салып кеткенин байкадым. Мен жеке кызыкчылыгымды айтып жаткасып мага ишенбей турса, сөздөрдү ушак катары кабыл алып жатса, канчалык кажет деп ирээнжип чыкчумун», — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM