Биз менен байланышыңыз

Жаш куракты көзгө илбеген түнкү клубдар

Коом | 30 Окт 2018 | 861 | 0

Бишкектеги Mansion Music Hall түнкү клубунда болгон мушташтын кесепетинен 2000-жылы туулган студент каза болду. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки шекүү кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, окуя 28-октябрга караган түнү саат 1:30 чамасында катталган.

Окуяга күбө болгондор интернет баракчаларына мушташ учурунда коопсуздук кызматкерлери тартипке чакырбагандыгын жазышкан. Анда каза болгон жигитке коопсуздук кызматкерлери тарабынан эч кандай жардам берилбегенин айтышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жашы жете элек балдарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн текшербей киргизгендерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтат. Бүгүнтөн ага чара көрүлбөсө, кесепети оор болорун белгилейт.

Клубга кирүүгө белгилүү жаш чектелип коюлгандан кийин жетекчилиги, коопсуздук кызматкерлери көзөмөлгө алышы керек. Керек болсо паспортторун текшерсин. Антпесе бул окуя коңгуроо болуп жатат.

Ал эми мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев түнкү клубдар криминалдашкан жайлар экенин айтты. Милиция кызматкерлери маал-маалы менен текшерип турууга тийиш. Бирок алардын копсуздук маселеси көбүрөөк өздөрү жалдаган коопсуздук кызматкерлерине байланыштуу экенин белгиледи. Ошондуктан түнкү кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн түнкү патрулдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мен Бишкекте иштеп турган кезде түнкү патруль окуя болгон жерге ыкчам барат эле. Көп киши чогулуп, болгон ызы-чуулар көпкө узабай чечилет болчу. Ошондуктан мында түнкү милициянын ролу чоң дейт элем. Түндөгү коопсуздук үчүн түнкү патруль керек.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя болгон күнү Мansion түнкү клубунда Казакстандын белгилүү ырчыларынын концерти болгон. Эс алуучулардын саны миңге жакын болуп,  алардын көпчүлүгүн  жашы жете элек өспүрүмдөр түзгөн. “Каза болгон бала да 18ге толо элек болчу” деп күбөлөр да жазышкан.  Биздин сурамжылоого катышкан жарандардын көпчүлүгү да учурда түнкү клубдарда жашын чектеп көрсөткөнү менен көзөмөл жакшы эмесин айтышат. Коопсуздук кызматына акча берүү менен кирип кетүүгө болорун да айтышкан.

Акча берсең, баарын чечсе болот.

-Сенин жашыңа эч ким карабайт. Эгерде чоң көрүнсөң киргизе берет.

-Ал жаш балдар чоңдор менен кирип алгандан кийин, улуулары кетип, анан өздөрү отурушат. Анан бейбаштык кылышат.

Белгилей кетсек, аталган клуб учурда окуя боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Copyright © 2017 Maral FM