Биз менен байланышыңыз

Унаага бажы төлөмү айгандан кийин 135 млндон ашуун каражат топтолгон

Без рубрики | 29 Окт 2018 | 548 | 0

Кыргызстанда жеке адамдардын унаасына бажы төлөмү азайгандан кийин 135 млндон көп каражат түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков парламенттин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтомунан соң 25-июлдан тарта жеке адамдардын унаасына бажы төлөмү азайган. Ошол убактан азыркыга чейин бажы кызматына бул боюнча 135 млн сомдон көп каражат түшкөн.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда,  Кыргызстанга 2016-жылы 21 миң унаа ташылып келинип, 2017-жылы ЕАЭБ аймагынан жалпы 18 миңден ашуун унаа кирген.

Copyright © 2017 Maral FM