Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Өкмөт башчы бир да ыйгарым укукгун пайдаланган жок

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 538 | 0

«Өкмөткө сын айтканым бул менин кастыгым же пастыгымдан эмес. Сын айтуу өкмөттүн иштешине өбөлгө түзөт.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал бардык өкмөттү катуу сынга алганын, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда да өкмөткө сын айтканын белгилейт.

«Жээнбеков өкмөт башчы болгондо да катуу сындарымды айткам. Кийин Сапар Исаковду да сындадым. Өкмөткө сын айтса эле оппозиционер дешет. Азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге, мени үлгү катары эмес, күзгү катары пайдаланыңыз деп айткам», — дейт Момбеков.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2008-жылдын отчету менен азыркы өкмөткө баа бергенге болбойт.

«Бир жыл болгондо баа беребиз. Өкмөттүн ишине алымсынбайм. Кадр саясатында катары менен калпыстык болуп кетти. Премьер-министрдин ыйгарым укугу көп. Бирок бирин дагы пайдаланган жок. Өкмөт башчыда чечкинсиздик болуп жатат. Азыр өкмөттүн ишине да президент жооп берип калды. Президент сунуштаган киши болгондуктан, өлкө башчы өзү жоопкерчилик алып калууда. Өкмөт экономикалык, кадр саясатын дагы колуна алган жок», — дейт Момбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM