Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Шаршембиев боюнча соттон утам

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2018 | 713 | 1

Кайсы сөзүм, кайсы сүйлөм канчалык деңгээлде Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин кадыр баркын каңтарып, ар намысын аңтарып салганын экспертиза чечет.  Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мен соттон утам деген ниеттемин. Мен кыргызча айткан сөзүмө Дүйшембиев орусча доо арыз жазыптыр. Ал туура которулганын ким айта алат? Сот кандай чечим чыгарат, кеп ошондо. Мен уттурам деп үч уктасам түшүмө кирбейт», — дейт Момбеков.

Эл өкүлү сотторго ишенбей турганын да белгилейт.

«Бирок соттор мени жакшы көрбөйт. «Бизди сындаган Момбеков колубузга түшүптүрбү, чапкыла» десе чаап да салышы мүмкүн. Шаршембиевдин абийири 1 млн сом турбайт, ага жетпеши керек. Анткени логика, мыйзам менен алып караганда эмне үчүн Дүйшембиев саясатчы Өмүрбек Текебаевден дагы абройлуу болушу керек? Эмне үчүн анын ар намысы Данияр Нарынбаевдикинен, атактуу коомдук саясий ишмердердин кадыр баркынан жогору болушу керек?  Мен түшүнбөйм», — дейт депутат.

Момбеков, Шаршембиев шек жараткан кылмышка фигурант болгонун өзү далилдеп жатканын кошумчалайт.

«Мен моралдык жоопкерчилик жөнүндө айттым. 8 кылмыш иши боюнча кыйыр, айрым жерде түздөн-түз катышып жүрөт десем, Шаршембиев «мен күбө катары 2 ишке катышкам, 2 иш кыскартылган» деп мойнуна алып жатат. Кылмыш ишинде 3 фигура болот. Алар: айыпталуучу, шектүү жана күбө. Шаршембиев күнөөсүн мойнуна алып, кайра «дадилдеп бер» деп мени сотко берип жатат. Ал шек жараткан 4 иш менен фигурант болгонун Шаршембиев өзү далилдеди», — дейт Момбеков.

Ал буга кошумча, Шаршембиевдин доо арызынын көчүрмөсүн алганын, журналист болуп жүргөндө мындай доо арыздар менен далай жолу соттошуп көп тажрыйбага ээ экенин айтты.

«Сот «Момобековдун айтканындагы ушул эки сөз мазактоочу сөз, бул шылдың. Анын айынан Шаршембиевдин ар намысы кетти. Анткени ал ооруканага жатып калды, кан басымы көтөрүлүп, дары алыптыр» деп далилдеп берсе анда мен макулмун», — дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тиешеси бар деп айтып чыккан. Ал эми Шаршембиев өзү ал маалыматты четке кагып, эл өкүлүн сотко берген.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыздын жараны

    30.10.2018 15:11

    Туура.Демократиялуу олкодо сотко беруу, далилдоо деген тушунуктор кадыресе корунуш. Азыр айткан созуно жооп бер, жон эле суйлой бербе,бироого билип-билбей акарат келтирбе деген тушунукко кайтып келбесек, оозубузга ээ боло албай баратабыз.Ушундай корунуш коп болсо адамдар ойлоп суйлоп калабызбы дейм да.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM