Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Атамбаев чындыкты айткан депутат айымдарга атырылган

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 546 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган акыркы жылдары адилеттиктен алыстап кеткен. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин бирөөнү кабыл алуусу татаал болуп калган.

«Көбүнчө кирген кишиге караганда Атамбаев өзү көбүрөөк сүйлөп, каткырып күлүп, көңүл бөлбөй койгондо айтуунун да кажети жок болуп калган. Мен Атамбаевге болбосо дагы анын тегерегиндеги адамдардын ыплас иштерине эл нааразы экенин айтып, коңгуроо каккан элем», — Момбеков.

Эл өкүлү КСДПнын курултайында Атамбаевге ачуу сөздөрүн айта алганын белгиледи.

«Жыйында эл өкүлдөрү Эльвира Сурабалдиева менен Евгения Строкова экөө чындыктарды айтып кирди. Президент кетирген катачылыктар, Икрамжан Илмияновду «эркелеткени» жөнүндө колунда материалдар бар экенин айтканда, Атамбаев эки депутатка асылып, «далилдеп берлиле» деп атырыла кирди. Мен чыдабай кетип, «Эмне кыйкырасыз, бул эки кыз чындыкты айтып жатат, Икрам жөнүндө имиштерди эми угасыз» дедим. Ошондо Атамбаев чочуп кетти, бирок унчукпай укту. «Балекеттин баарын баштаган ушул деп Фарид Ниязовду көрсөттүм», — дейт Момбеков.

Эске салсак, 2018-жылдын 31-мартында Бишкекте КСДПнын курултайы өтүп, анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM