Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Президентке жакын болуп «таасир берем» деген депуттар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 697 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жанындагылар эртең биринчи кезекте сатып кетет. Учурда президентке жакын болуп «таасир берем» деген депуттар бар. Кимдер кимге таянып, кимден аянып калганы элге маалым. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр «жогору жак эмне дейт экен» деген көрүнүш мурдагыдай эмес. Мурда президенттин аппаратынан фракция лидерлерине өзгөчө команда берилчү.

«Орчундуу мыйзамдарды кабыл алдырууда фракция лидерлери ачык эле депутаттарды аралап жүрдү. Мурда фракцияларды Ө.Бабанов, Ө.Текебаев сыктуу таасирдүү саясатчылар жетектеп турчу. Азыр андайлар жок. Баары бир атанын балдарындай камыр-жумур отурушат», — дейт Момбеков.

Ал буга кошумча, президент анын саясатка айткан сындарынын барын туура кабыл аларын белгиледи.

«Жээнбеков өкмөт башчы болгондо да катуу сындарды айткам. Жээнбеков менен 20 жылдан ашуун жеке мамиледебиз. Ал мага таарынбайт», — дейт Момбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM