Биз менен байланышыңыз

Момбеков: КСДПга киришиме Атамбаев өзү себепкер болгон

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 749 | 0

Парламентке келгениме экс-президент Алмазбек Атамбаевдин салымы болгон эмес. Депутат болушума өзүмдүн талантым, салымым болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мени экс-президент Роза Отунбаева көп көтөрмөлөдү. Маданият министрлигине да ошол демилгелесе керек. КСДПга киришиме Атамбаев өзү себепкер болгон. Ичкен кудугуңа түкүрбө деп жүрүп партиянын башына карангы күн түшсө калыс пикиримди айта албасам кандай болот? Адамгерчилик жана жоопкерчилик деген нерсе болушу керек»,  — дейт Момбеков.

Анын айтымында, кечээ партияны түптөгөн кишини бүгүн оодарып салуу чыккынчылыкка барабар.

«Атамбаевди партиядан чыгарып салса болот. Бирок саясаттан, мамлекеттен чыгарса болбойт. КСДПнын жаңы шайланган лидерин партия мүчөлөрү тааныйбы деген маселе бар. Иса Өмүркулов, Сагынбек Абдрахмановдордун «КСДП Атамбаевсиз» дегенине кызыккан жокмун. Партиянын ичинде жүргөн адам катары ачык пикиримди айтып колдобойм дедим. Ал эми мени фракциядан чыгаруу боюнча сөз болгон жок», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, мурдагы президенттерди сатып кеткендер Атамбаевди да сатканын белгилеп, аларды жан дүйнөсү жакыр, көөдөнү көр деп сындады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM