Биз менен байланышыңыз

Разаков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 532 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен соттук-укуктук реформалардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады.

Анда Разаков ЕККУ көп жылдар бою Кыргызстандын туруктуу өнөктөшү катары эсептелерин айтты.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымдап, реформанын алкагында коюлган максаттарга жетүү үчүн Кыргызстанга мындан ары жардам көрсөтөөрүн билдирди.

Буга байланыштуу тараптар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана Бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүүнү, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM