Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги түнкү клубда 18 жаштагы студент каза болду

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 797 | 0

Бишкектеги түнкү клубдардын биринен 28-октябрда 18 жаштагы студент мушташтан улам каза болду. Шаардык милициядан кабарлашкандай, 29-октябрга караган түнү саат 01:30дар чамасында күзөт бөлүмүнө түнкү клубдардын биринде мушташ болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам топ барганда, жаңжал чыккан жерде эсин жоготкон бала табылган. Ал кийинчерээк эсине келбей каза болгон. Маркум 18 жаштагы Б.А. аттуу бала экени аныкталды.

Окуяга шектүү М.у.А. , жана О.Р., аттуу 2001-2000-жылы туулган эки жаран кармалды. Алар шаардык милиция башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM