Биз менен байланышыңыз

Италияда чиркөөнүн мечит катары колдонулуусу чуу жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 700 | 0

Италиянын Бергамо шаарынын Ломбардия аймагындагы чиркөөнүн сатылып, мечит катары колдонулуусуна быйыл бийликке келген ашыкча солчул “Лига” партиясынын өкүлдөрү каршы чыгууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Бергамо шаарчасындагы бейтапкананын жетекчилиги өздөрүнүн аймагында жайгашкан чиркөөнүн имаратын аукционго койгон. Аны мусулман коому эң жогорку бааны сунуштап сатып алган. Алардын ниети имаратты кайра эле ибадаткана катары колдонуу болчу. Бирок эми бул жерге мусулмандар ибадат кылуу үчүн келишмек.

Окуядан кабардар болгон “Лига” партиясынын Ломбардиядагы өкүлу чуу чыгарып, сатыкты жокко чыгарууну сунуштоодо. Бул үчүн 2004-жылы кабыл алынган “Маданий мурастарды сактоо” тууралуу мыйзамды колдонуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алууну пландоодо.

Имаратты сатып алган мусулмандар фондунун бул боюнча пикири ачыктала элек. Алар өкүмөттүн жаңы диний мекемелерди курууга тыюу салган мыйзамына ылайык, буга чейин ибадаткана болгон жайды колдонорун билдиришкен.

Бул чуу тууралуу Бергамо шаарынын Демократиялык партиясынан болгон мэри азил аралаш мындай пикирин жазып чыкты: “Ломбардия жетекчилиги мусулмандардын мечит куруусунун алдын алуу үчүн колунан келген бардык чарасын көрүп, бейтапкананын чиркөөсүн аукционго койгон. Ким утту билесиңерби? Мусулмандар! Эми алар мыйзам жолунда өз ибадатканаларын ишке киргизишет. Ломбардия бийлиги өз дарбазасына гол киргизип алды”.

Кошумчалай кетсек, жалпы эле Европа сыяктуу Италияда чиркөөлөр киши келбей калганына байланыштуу четтен жабыла баштаган. Аларды сатып алган ишкерлер соода борбору, клуб же маркет сыяктуу жайларга айландырып коюшкан. Ошону менен бирге мечитке айланган чиркөөлөрдүн саны да аз эмес. Буга Европадагы мусулмандардын саны улам артып баратканы себеп болууда. Италияда Ислам динин кармангандардын саны 2010-жылы жалпы калктын 3,7% түзгөн болсо, учурда 5%га чукулдап калган.

Бул жагдайга учурдагы башкаруучу солчул “Лига” партиясынын төрагасы Маттео Сальвини катуу тынчсызданганын билдирип, мурунку бийликке: “Исламды көзгө илбөө менен жүз жылдык тарыхыбызды тобокелге салып жатасыңар. Мындай кетсе улам күч алып бараткан Ислам биздин маданиятыбызды жок кылат”,-дер билдирген жайы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM