Биз менен байланышыңыз

Токтомаметов: “Билим-компьютер” китеп чыгарууда маалыматтарды өзгөрткөн

“Билим-компьютер” басмаканасы «География» китебин басып чыгарууда маалыматтарды өзгөрткөн. Кыргыз билим берүү академиясы «Табият таануу» китеби боюнча 5 дооматты көрсөтүп берген. Бул тууралуу аталган академиянын вице президенти Алмаз Токтомаметов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтмында, китептер 6 ай сыноодон өткөн.

«Бизде туура болгон вариантты алар оңдоп коюшкан. Китептердин начар болуп жатканынын себеби бизде авторлорду даярдоо боюнча программа жок. Алардын деңгээлин көтөрүш керек. Биз авторлорду окутууга даярбыз. Академияда жакшы кадрлар бар. Өз кадрын урматтай албагандар башкаларга жалдырайт», — дейт Токтомаметов.

Ал буга кошумча Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши мугалимдерди кемсинтет деген сөздөрдү четке какты.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринде интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Ал эми “Билим-компьютер” басмаканасы «География» жана «Естествознание» китептерин орус тилине которуудагы редакторлук жана корректорлук каталарды моюнга алып, түзөтүүлөрдү киргизип, кайрадан өз эсебинен басып чыгарарын убадалаган.

Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттын негизинде 2016-жылы майда китеп басып чыгарууга сынак жарыяланган. Ага 9 басмакана катышып,  “Билим-компьютер” басмаканасы тандалып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM