Биз менен байланышыңыз

АКШда синагогдогу терактка саясий жектөөлөр түрткү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 616 | 0

Американын Питсбург шаарындагы еврейлердин ибадатканасы болгон “Өмүр дарагы (Tree of life)” синагогундагы теракт өлкөдөгү акыркы кездерде саясий майдандарда президент баш болгон кээ бир тараптардын жек көрүү, жекирүүчүчү сөздөрүн талкууга түшүрдү. Бул тууралуу Би-Би-Си түрк кызматы жазды.

Еврейлер отурукташкан шаарчада орун алган ибадатканага 46 жаштагы америкалык Роберт Боуэрс ок атуучу төрт курал менен кирип, ичиндеги 11 кишини өлтүрө атып, онго чукул адамды жарадар кылган. Кылмышкер өзү жаракат алып, колго түшкөн. Учурда ооруканада жаткан Боуэрске карата 29 кылмыш иши козголгон.

Кылмышкер өзүнүн социалдык желедеги баракчасынан башка улуттарга, диндерге, өзгөчө йахудийлерге каршы жек көрүүгө толгон пикирлерин байма-бай жарыялап турган.

Бул окуя жана өткөн аптадагы айрым демократиялык принципти карманган белдүү америкалыктар, мурунку президенттер жана еврей миллиардери Жорж Сороско жиберилген жардыруучу заттардын окуясы америкалыктарды катуу тынчсыздандыра баштаганын жазышууда.

New York Times, The Washington post жана CNN TV басылмалары, бул сыяктуу жектөөчү ачык кадамдар өлкө башындагылардын сөздөрүнөн күч алып, жасалып жатканын жазды. Анда президент Дональд Трамптын өзүнө каршы пикирдегилерге, демократиялык партиясынын өкүлдөрүнө жана мигранттарга каршы байма-бай жарыялап келген негативдүү, жек көрүмчү пикирлери өлкөнү кооптуу жагдайга алып келгени айтылат.

«Эл арасындагы кара ниеттүү адамдар ар дайым болуп келген, бирок, бүгүнкүчөлүк ачык коркутууга өткөн эмес. “Мектептерибиз, ишканаларыбыз, жадагалса ибадатканаларыбызда да тынч отура албас абалга келдик. Бул абалдан чыгаруу үчүн өлкө жетекчилери толеранттуу жана ийкемдүү саясат алып баруусу керек”,-деп жыйынтыктаган басылма.

Ошондой эле, “Терроризм дегенде 11-сентябрь окуясын гана элестетип көнүп калган америкалыктарга ички террор, саясий террордун да өтө кооптуулугун билдирип, саясаттагы ар түрдүү опуза жана коркутуулардын белгилүү бир жазага тартылары тууралуу нормаларды кабыл алуунун убакыты келип жеткенин CNNде жарыялаган макалада жазылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM