Биз менен байланышыңыз

Путин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарымында келет

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 738 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарымында келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда билдирди.

Ал министрликке келгенден кийинки алгачкы иш сапарын Москва шаарына жасап, орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан. Анда ал эки тараптуу иш сапарлары тууралуу сөз болгонун, Путиндин Кыргызстанга жасай турчу сапары жөнүндө пикир алышышканын айтты. Ошондой эле Лавровду Бишкек шаарына расмий визит менен келүүгө чакырган.

Эске салсак, мурунку Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путин Кыргызстанга быйыл келерин айткан. Кийинчерээк министрликтин маалымат кызматы Орусия лидери кийинки жылы келерин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM