Биз менен байланышыңыз

Курбанова: Министрлик ката басылган китептердин мазмунун оңдоо аракетинде

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 745 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринин мазмунун оңдоого аракет кылып жатат. Бул боюнча жаңы эксперттик топторду кошкон. Бул тууралуу аталган министрликтин китеп секторунун башчысы Чынара Курбанова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, китептер Кыргыз билим берүү академиясынын чечими менен чыгарылат. Экспертизаны аталган мекеме өткөрөт.

«Ар бир автор өз бөлүмүн жазып келет. Алардын ортосунда байланыш болот. Биз кабыл алган стандартка дал келишин карайбыз. Китептер стандарттын негизинде жазылат. Бул боюнча  атайын программа бар. Ал эми жаңы китептерди тажрыйбалуу мугалимдер сыноодон өткөрөт», — дейт Курбанова.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда окуу китебин чыгарган басмаканалар аз болгондуктан көйгөйлөр орун алууда. Мындан улам конкурска башка өлкөлөрдүн басмаканалары да катышсын деген сунуш киргизилген. Бул атаандаштык китепти сапаттуу чыгаруу үчүн пайдалуу болот.

«Китептерге конкурс жарыяладык. Ага бардык басмаканалар катышат алат. Жакшы жазылган концепцияны карап 1-11-класстардын китеби иштелип чыгат. Жакында эксперттер карай байштайт»,- дейт Курбанова.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринин китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM