Биз менен байланышыңыз

Токтомаметов: Китептеги грамматикалык катага басмакана жооп берет

Пикирлер | 29 Окт 2018 | 757 | 0

Китептеги мазмундук катага Кыргыз билим берүү академиясы, ал эми грамматикалык катага басмакана жооп берет. Бул тууралуу аталган академиянын вице президенти Алмаз Токтомаметов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, китеп бир тилде даярдалып жазылган тилде сыноодон өтөт. Бир китепти даярдоого 3 жылдай убакыт кетет.

«Окуу китебин чыгаруу көп даярдыкты, убакытты талап кылган процесс. Авторлордун ортосунда дагы көйгөй болуп жатат. Былтыр математика боюнча 7 кол жазманы 1 күндө карашкан. Ушул кантип болсун? Бул маселени да караш керек», — дейт Токтомаметов.

Ал белгилегендей, жобо боюнча Кыргыз билим берүү академиясы китеп боюнча экспертизага да, сыноодон өткөрүүгө да тиешеси жок.

«Кааласа сырттан экспетизадан өткөрүшсүш. Ага каршылыгыбыз жок. 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринде кетирилген каталардан сабак алып, оңолушубуз керек», — дейт Токтомаметов.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринин китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM