Биз менен байланышыңыз

Президент Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 1024 | 0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков маалымат жыйынында билдирди.

Кечээ, 27-октябрда Айдарбеков Астанада Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен жолуккан. Анда президент Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши боюнча даярдыктар тууралуу кеп болгон.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга 2019-жылы келери айтылууда.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM