Биз менен байланышыңыз

700 гр баңгизатты унаага алмашып жаткан жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 742 | 0

Аламүдүн районунун аймагында баңгизатты «Тойота» үлгүсүндөгү унаага алмашып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган М.Т. аттуу жараы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын жанынан скотч менен оролгон баңгизат табылган. Ал гашиш баңгизаты жана салмагы 718 грамм экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иш козголду.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM