Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймагында 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 501 | 0

Бүгүн, 27-октябрга караган түнү саат 02:48те Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда жайгашып, Терек айылынан батышка 5, Кызыл-Жар айылынан түндүк-батышка 7, Ой-Тал айылынан түштүк-чыгышка 9, Чычырканак айылынан батышка 10, Ак-Богуз айылынан түштүк-чыгышка 15, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 120 жана Нарын шаарынан түштүк-батышка 190 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Терек, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Кыйын-Талаа айылдарында 3 баллга, Кондук, Кан-Коргон, Коо-Чаты айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM