Ош шаарында жоголуп кеткен 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева өзү жашаган кичи райондон табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдайт.
Белгилей кетсек, Кочкорбаева үстүбүздөгү жылдын 25-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Ош шаарынын Райымбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон үйүнө келген эмес.
Аны эртеси түшкө жакын Манас-Ата кичи районунан милиция кызматкерлери тапкан. Кызматкерлердин айтымына караганда, кыз үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үйүнөн чыгып кеткен. Түн кирип баратканда өспүрүмдүн көчөдө жүргөнүнөн чочулаган кайрымдуу адамдар чочулап, үйүнө түнөткөн.
Эми кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлөт.