Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп кетти

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 655 | 0

Кара-Сууда 26 жаштагы айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул маалыматты Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда тастыктады.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Садырбай айылында Ош тарапка бараткан 1992-жылы туулган жаран унаасын башкара албай 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Жабыр тарткан бала Ош облустук клиникалык оорукансына жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM