Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» инновациялык программасын жарыялады

Саясат | 26 Окт 2018 | 1262 | 0

Программанын бет ачаары Бишкек шаарында саясатчылар, коомдук ишмерлер жана экс- депутат, министрлердин катышуусунда өттү.

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо өнөктүгүнө чейин саясий партия өз программасын тааныштырды. Мындай кадам менен «Замандаш» саясий партиясы көчтү баштады. «Келечек 4.0» аталышындагы программанын бет ачаарына 200дөн ашык  саясатчы жана коомдук ишкерлер катышты.

Программа негизги жети багытты камтып, дүйнөлүк тенденцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен төртүнчү  өнөр-жай революциясынын аспектилерин  камтыган.

-Элдин жакырчылыгын камсыздаган мамлекет;

-Инновациялык өлкө;

-Жашыл экономика;

-Түрмөсү жок өлкө;

-Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун;

-Эркиндик;

-Элдик бийлик;

Бул тууралуу партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов «Марал» радиосуна кабарлап, инновациялык программа алып барчу жол менен тааныштырды.

-Программабыз узак мөөнөткө ылайыкташтырылган. Анын ичинде  кыска мөөнөттө аткара турган иштер бар. Мисалы, биз парламентке шайланып келе турган болсок, ички дүң продукциясын 5 жылда эки эсе көбөйтөбүз. Азыр 7,5 млрд доллар болсо, аны 15 млрд долларга жеткирсек болот. Анын жолдору дагы бар. Экинчиден инновациялык ыкманы билим берүү тармагына киргизүүнү айтып жатабыз. Каражат жок деген шылтоо болбогон кеп.

Молдокматов өлкөнү оң жолго салуу партиялардын программасынан көз каранды экенин,  парламент күчтүү болсо, өкмөт да күчтүү болорун кошумчалайт.

Ал эми келген конокторго программа саясаттан алыстап, жаңы форматта тааныштырылганы менен эсинде калды. Партиянын мындан аркы келечеги тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун буларга токтолду.

«Замандаш» саясий партиясын эң биринчи маркум Муктар Өмүракунов түптөгөн. Бирок ортодо партия саясий жеңишке жетише албай келди. Эми Жеңиш Молдокматовдун төрагалыгы астында бул пландар ишке ашат. Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жетелей алат. Бүгүн тааныштырылган программа келгендердин 90 пайызына жакты. Кыска, так жана түшүнүктүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевди партиянын инновациялык экономикага багыт алганы ынандырган.

-Бизге материалдар берилди, эми изилдөөлөрүн көрүшүбүз керек. Программада дүйнөлүк трендге экономикабызды сунуштайлы деген багыттар болуп жатат. Анда бир гана айыл чарба же кен байлыктарга эмес жаңы инновациялык изилдөөлөргө, прикладдык экономика тармагына багыт алынган.

Анын ичинде жашыл экономиканы негизги багыт кылганы экологияны сактоо менен бирге, табигый таза азык өндүрүүгө жол ачат. Бул жагынан алганда «Замандаштын келечегине ишенерин мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев айтты.

-Эң негизгиси мамлекетти башкаруу системасы боюнча аймактык-территориалдык реформага да токтолушту. Бирок кадр маселесин камтыбай калышты. негизи программаны ишке ашыруу үчүн жакшы кардлар керек.

Буга кошумча өнүгүүнүн реалдуу кадамдары көрсөтүлгөнү көпчүлүктүн купулуна толду. Ошону менен келген коноктор партиянын ишине ийгилик каалашты. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев:

Кыргызстанда биринчи жолу инновацияга багытталган программа сунушталып жатат. Мындай демилге колдоого арзыйт. Биз «Замандаш» партиясына ийгилик каалайбыз. Келе жаткан шайлоодо алдыга чыгып, программасын ишке ашырсын демекчибиз.

Эскерте кетсек, «Замандаш» саясий партиясы 2007-жылы расмий катталган. Бул аралыкта чет жактарда эмгектенген мигранттардын маселеси боюнча иш алып барып келет.

Copyright © 2017 Maral FM