Биз менен байланышыңыз

Президент: аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизүүдө

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 881 | 0

Бүгүн, 26-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жолукту.

Кеңешмеге Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты. Райимберди Дүйшенбиев Куралдуу күчтөрдүн ишмердиги жана ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчы акыркы мезгилде аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан экени белгиленди.

Ошондой эле, аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча талап кылуу фактыларына көңүл буруп, аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында аракет кылууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM