Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Коомдук транспортко 6 жылдан бери түшө элекмин

Маек , Саясат | 28 Окт 2018 | 8669 | 0

“Атактууга 6 суроо” долбоорунда ар кайсы тармактын эл арасында таанымал болгон өкүлдөрүнө суроо узатып, жооп алмакчыбыз. “Чу” дегенде эле алгач Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев менен маектешип, кызыктуу жоопторду ала алдык.

-Парламентке VI чакырылыштын келгенине да 3 жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында канча мыйзам долбоорун даярдадыңыз?

Тиллаев: —Өткөн жума депутат болгон кезден бери кылган иштеримди анализдеп чыктым. Санап көрсөм, жалпысынан 24 мыйзам долбоорун жазыптырмын. Анын басымдуу бөлүгү өзүмдүн тармагыма, тагыраагы, финансы жагына байланыштуу экен. Бюджеттик жана салык кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө болчу.

-Партияңыздардын лидери Өмүрбек Бабанов менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз жана анда эмне тууралуу сөз болду?

Тиллаев: —Бабанов менен акыркы жолу саясаттан кетип жатканын айтып, видеокайрылуу жолдогондо сүйлөшкөнбүз. Анда фракциянын бардык депутаттары болуп маектешкен элек. Андан кийин байланышкан жокмун.

-Акыркы жолу Бишкекте коомдук транспортко качан түштүңүз? Жол киренин баасын билесизби?

Тиллаев: -Коомдук транспортко түшпөгөнүмө көп болуптур. Эстеп көрсөм, 6 жыл мурун маршруткага түшүптүрмүн. Жол киренин баасы 10 сом болчу.

-Унааңыз тууралуу да анча-мынча кептерди угуп калып жүрөбүз. Ага караганда, Бишкекте сиздикиндей болгон темир тулпарлар аз санда экен. Ал тууралуу өзүңүздөн маалымат уксак.

-Тиллаев: -«Лексус 570» үлгүсүндөгү кадимкидей эле унаа. Тышындагы жасалгасы эле бир аз өзгөчө болушу мүмкүн. Ал 2012-жылы чыккан. 20 жылдан бери шаарда атам мени менен чогуу турат. Ошондо бир туугандарыбыз анын 80 жылдыгына карата унаа белек кылганбыз. Чогуу жашаганыбыз үчүн атамды өзүм ташып турам. Баасы 40 миң доллардын тегерегинде турат.

-Жогорку Кеңеште сиз сыйлаган 3 депутаттын атын атай аласызбы?

Тиллаев:-Таарынып калат го. Мен депутаттардын баарын сыйлайм. Анткени алар эл шайлап парламентке келишкен. Ар биринин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Калктын добушун алуу оңой эмес. Канча миллионер агаларыбыз да жарандар колдобой койгону үчүн өтпөй калбадыбы.

-2 жылдан кийин Жогорку Кеңештин VII чакырылышы шайланат. Шайлоого кайра катышып, депутаттык ишмердүүлүгүңүздү улантасызбы?

Тиллаев: -Ага чейин 2 жыл убакыт бар экен. Биринчиден, Кудай өмүр берсин. Ошол учурда убакытка карап көрөбүз. Азыркы учурда биз партияны, фракцияны сактаганга аракет кылып атабыз. Бул партиянын башында Бабанов турат. Учуру келгенде шартка карап көрөбүз. Жеке өзүм элге кызмат кылууну сөзсүз уланткым келет. Анткени жасай турган көп иштер, максаттар бар. Негизгиси, эл колдосо, ошого күч-кубат, ден соолук болсо, ким эле парламентке баргысы келбесин. Сөзсүз аракет кылабыз.

Copyright © 2017 Maral FM