Биз менен байланышыңыз

Айбек Калиевдин жактоочусу аны үй камагына чыгарууну өтүндү

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 481 | 0

Биринчи Май райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу козголгон 4 кылмыш ишинин бирөөсү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анда Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү.

Бул иш боюнча биринчи отурум 19-октябрда өткөн. Анда жылуулук борбордогу авариядан улам “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы 80 млн сомдон ашуун, “Электр станциялары” ишканасы 8,8 млн сом материалдык зыянга учураткан деп бир канча адамдарды айыптаган.

Алар Энергохолдингдин мурунку жееткчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Узак Кыдырбаев жана Бишкек жылуулук электр борборунун экс-директору Нурлан Өмүркул уулу жана башкалар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM