Биз менен байланышыңыз

Окуу китептердеги каталар басмаканага таандык

Билим-маданият | 26 Окт 2018 | 1460 | 0

Бүгүн Бишкекте окуу китептериндеги каталар боюнча маселе талкууланды. Себеби буга чейин география жана табият таануу китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган. 

Тегерек столдо окуу китептериндеги каталарга ким күнөөлүү жана ким жооп бериши керек деген суроо талкууланды. Ошону менен бирге  Билим берүү жана илим министрлиги бул кырдаалды кантип жөнгө салуусу керектиги айтылды.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов 5-6-класстын география жана табият таануу китептеринде кетирилген каталарды экиге бөлүп кароо керек деп эсептейт. Анын айтымында, каталар мазмундук жана грамматикалык жактан каралат. Мазмундук жактан кеткен каталарга кыргыз билим берүү академиясы жооп берет. Ал эми грамматикалык жактан кеткен каталарга басмаканалар жооптуу.

-5-класстын табият таануу китебин академия бекиткенден кийин өзгөртүүлөр киргизилген. Бул китепте 5 маселе боюнча мазмундук жактан доомат коюлган. Бирок биз текшерип берген вариантта андай сөздөр да, сүйлөмдөр да жок болчу. Мында бизден кийин китептерге өзгөртүүлөр киргизилген. Ал өзгөртүүлөр болбошу керек болчу. Жакында талкууга алганда «Билим компьютер» басмаканасы өзүнүн кетирген катасын мойнуна алды. Бирок биз текшерип бергенден кийин макулдашпай туруп оңдогонго укугу жок болчу.

«Кутаалам» басмаканасынын директору Бегайым Жапарова жаралган кырдаалга бардык тарапты күнөөлөп, басмаканалар китептерди экспертизадан өткөндөн кийин чыгарышарын белгилейт.

-Басмаканалар көп жылдан бери мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо маселесин көтөрүп келебиз. Акыркы 20 жылда окуу китептерине бюджеттен канча каражат бөлүндү? Көп каражаттар жөн эле коротулуп кетти. Айрыкча кыргыз мектептеринде окуу китептери жетишпейт. Мындан улам ата-энелер балдарын орус мектепке беришет. Анткени орус тилдүү китептерди ата-эне өзү деле сатып берип коёт. Билим берүү системасынын начарлыгынан басмаканалар китеп басып чыгаруу менен алектенүүнү каалабай калды. Басмаканалар экспертизадан өтпөгөн китепти чыгарбайт.

Тегерек столдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин даярдоо жана өндүрүү боюнча абалды карап чыгуу убадасын берди. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин кеңешчиси Лариса Марченко билдирди.

-Тестирлөө системасы өзгөртүлгөн. Жаңы басылып чыккан китептер Бишкек шаарындагы №25 жана Чүй облсундагы мектептерде сыноодон өткөрүлүүдө. Педагогдор автор жана эксперттер менен биргеликте окуу китебинин жыйынтыгына жооп берет. Бул райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырма берилди.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринин биринчи эле барагында каталар болгону талкууга түшкөн. Аталган окуу китептерин иштеп чыккан авторлор орфографиялык, стилистикалык мүчүлүштүктөр, ал китептерди басып чыгарган басмакана тараптан кетирилгенин айтышкан.

Басмакана жоопкерчиликти өзүнө алып, окуу китептерин кайрадан басып чыгаруу милдетин мойнуна алган.

Copyright © 2017 Maral FM