Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: «Замандаш» инновациялык экономикага багыт алганы ынандырды

Без рубрики , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 661 | 0

«Замандаш» саясий партиясы “Келечек 4.0” аталышындагы программасында инновациялык экономикага багыт алганы менен башка партиялардын программасынан өзгөчөлөнүп турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

“Бизге материалдар берилди, эми изилдөөлөрүн көрүшүбүз керек. Программада дүйнөлүк трендге экономикабызды сунуштайлы деген багыттар болуп жатат. Анда бир гана айыл чарба же кен байлыктарга эмес, жаңы инновациялык окумуштууларга,  прикладдык экономика тармагына багыт алынган”, — дейт Жээнчороев.

Белгилей кетсек, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырды. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары, партиянын пландары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага экс-депутаттар, саясатчылар, эл өкүлдөрү жана башка коомдук ишмерлер катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM