Биз менен байланышыңыз

Берикбаев: «Замандаш» жакшы программа түзүптүр

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 1174 | 0

“Замандаш” партиясы “Келечек 4.0” аталышындагы программасында мамлекеттин абалына терең анализ жүргүзгөн. Аталган партия максат кылган пландарын ишке ашыруунун жолдорун дагы деталдуу көрсөтүп берген. Мындай пикирин коомдук ишмер Дөөлөтбек Берикбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туңгуюктан чыгып, ийгиликтерди багынтуу үчүн алдыга ири максаттарды коюу зарыл. “Замандаш” партиясы чоң максаттарды койгон. Партиянын программасында мамлекет элдин жыргалчылыгын камсыздоодо маани берилчү жагдайлар, аткарылчу иштер боюнча кенен түшүндүрмө берилген.

“Өнүгүү үчүн биздин жерибиз кенен, кен байлыктарыбыз жетиштүү экен. «Замандаш» өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдору боюнча жакшы программа түзүптүр. Мага аябай жакты. Ошондой эле жашыл экономиканы киргизүү боюнча дагы маалымат берилди. Биздин өлкө экологиялык таза азыктарды өндүрүү жолу менен коңшу өлкөлөрдөн алдыга чыга алат», — дейт Берикбаев.

Белгилей кетсек, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырды. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары, партиянын пландары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага экс-депутаттар, саясатчылар, эл өкүлдөрү жана башка коомдук ишмерлер катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM