Биз менен байланышыңыз

Молдакматов: Биз экономиканы кантип көтөрүүнү билебиз

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 1035 | 0

«Замандаш» саясий партиясынын “Келечек 4.0” аталыштагы программасында дүйнөдөгү бардык тенденциялар эске алынган. Алардын баары программага камтылган. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов партиянын программасы менен тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, парламентаризмдин негизин партиялардын программасы түзөт. Парламент күчтүү болсо, өкмөт да күчтүү болот. Натыйжада, Кыргызстан өнүгөт.

Молдокматов 2017-жылы мамлекеттик кызматкерлерди окутуу үчүн республикалык бюджеттен 600 млн доллардан ашуун каражат бөлүнгөнүн айтып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен каражатты үнөмдөөгө болорун белгиледи.

«Каражаттарды ишкерлерге, ата мекендик өндүрүшкө багыттасак болмок. Алгач коррупциянын себептери менен күрөшүү зарыл. Укук бузуулардын 70% экономикалык себептерден улам катталары аныкталган. Эгер ар бир жаран жетиштүү киреше менен камсыз кылынса, кылмыштуулукту 3 эсеге кыскартууга болот», — дейт Молдокматов.

Ал мигранттар шайлоодо даражалуу, сыйлуу адам катары каралып, бирок шайлоо бүткөн соң  каралбай калып жатканын айтты.

«Шайлоо бүтсө мигранттардын шору өз колунда калып калууда. Мигранттардын арасында жигердүү иштегендер көп. «Замандаш» партиясы экономиканы кантип көтөрүүнү билет. Биздин негизги күчүбүз — эл. Партия калктын кызыкчылыгын, укугун коргоого багыт алды», — дейт Молдокматов.

Ал белгилегендей, инновациялык экономиканы жолго салуу мумкүнчүлүгү келип жетилген. Өкмөт жана бийлик бутактары элге шарт түзүп, калк менен тыгыз иштешсе экономика көтөрүлөт.

«Кыргыздар бир нерсени бат өздөштүрөбүз. Демек, максатты туура коюп, приоритеттүү багытты тандоо зарыл. Өкмөт жана парламент жаңы ишканаларды ачууга шарт түзүшү керек. Жеке ишкерлерге жардам берип, алардын салыктарын кыскартсак, бюджеттеги дефицит профицитке чыкмак. Биз артыкчылыктарды, негизги баалуулуктарды туура коюуну билебиз. Биз келечекти бирге курабыз», — дейт Молдокматов.

Белгилей кетсек, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырды. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары, партиянын пландары тууралуу маалымат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM