Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Бюджеттин 18%ын билимге жумшап атабыз. Бир да мамлекет мындай кылбайт

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 614 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин 18 пайызы билим берүү тармагына жумшалып жатканын, мындай көрүнүш башка мамлекетте жок экенин айтты. Мындай маалыматты ал Баткенге болгон иш сапарында билдирди. Анда мамлекеттин бюджети 150 млрд сомдун тегерегинде болсо, анын 30 млрд сому билим берүү тармагына жумшалганын айтты.

Бул каражат бала бакча жана мектептерди курууга, мугалимдердин айлыгын төлөөгө жана башка окуу тармагындагы маселелерге сарпталат.

Азыр балдардын билим алуусуна шарт түзсөк, кийинки муунубуз  билимдүү, көп тилде сүйлөгөн, достукту бийик туткан, биз сыймыктанчу болуп жетилерине ишенимибиз чоң”, — деп белгиледи премьер-министр.

Былтыр билим берүү тармагында 90дон ашуун объект бүткөн. Мунун алкагында үстүбүздөгү жылы 150 объектти куруп бүтүрүү пландалып жатат

Copyright © 2017 Maral FM