Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ өлкө аймагындагы бала бакчаларга изилдөө жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Бул Кыргызстандын өкмөтү менен БУУнун агенттигинин 2018-2022-жылдар үчүн түзгөн планын ишке ашыруу максатында болот.
Муну менен балдардын, тарбиячылардын жана ата-энелердин улуттук, гендердик жана башка өзгөчөлүктөрдү кабылдашы, мамилеси изилденет.
Бала бакчанын тарбиячыларына тренингдер өтүлөт.